«Олимп» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин каратэ-до бөлүмүнүн тарбиялануучусу Даян Деря кадеттер, өспүрүмдөр жана 21 жашка чейинки спортчулар арасында WKF версиясы боюнча каратэ боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди.

Мелдештер Польшанын Бельско-Бяла шаарында өтүүдө.

Дүйнө чемпионатына «Олимп» спорт мектебинен жалпы тогуз спортчу катышууда.

Даян Дерянын коло медалы - Кыргызстан үчүн WKF версиясы боюнча каратэ боюнча дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы алгачкы медаль.

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуну жана анын машыктыруучусун бул жетишкендиги менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана жогорку спорттук көрсөткүчтөрдү каалайт!