2026-жылдын 19-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана «Иллюзион.кг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Самат Салыбаев Ч. Валиханов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде көп функционалдуу парк-оюн-зоок комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюшту.

Борбор калаанын мэри комплекстин курулушу бекитилген эскиздик долбоорго так ылайык жүргүзүлүп, шаардын кызыкчылыктары эске алынышы жана белгиленген мөөнөттөр так сакталууга тийиш экенин баса белгиледи. Анын айтымында, келечекте бул комплекс Бишкек шаарынын өзгөчөлүгүн тааныткан жайлардын бирине айланышы керек.

Долбоор борбор калаанын шаардык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлейт. Ал шаар тургундары жана коноктору үчүн эс алуунун жана көңүл ачуунун заманбап, ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарын түзүүгө багытталган.

Долбоордун негизги максаты — борбор калаада «Баары адамдар үчүн» принцибине ылайык, шаар тургундарынын сапаттуу эс алуусуна жана бош убактысын кызыктуу өткөрүүсүнө шарт түзгөн ыңгайлуу коомдук мейкиндикти түзүү. Комплекс үй-бүлөлөр жана жаштар бош убактысын кызыктуу жана жайлуу өткөрө ала турган жайга айланат.

Инвестициялык келишимге кол коюу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Документте тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн негизги шарттары белгиленип, долбоорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашыруу каралган.

Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу шаардык чөйрөнүн ыңгайлуулугун арттырууга, тейлөө тармагын өнүктүрүүгө, эс алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана Бишкек шаарынын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга жана борбор калаанын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган демилгелерди ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу жана жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантууда.

Бул багыттагы иш-аракеттердин борборунда шаар тургундарынын кызыкчылыктары, ыңгайлуу шаардык инфраструктураны түзүү жана шаарды ар бир адам үчүн жашоого ыңгайлуу кылуу максаты турат.