Ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасын аткаруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясында тармактык саясат башкармалыгынын башчысы Илияс Колоповдун төрагалыгы алдында Байланыш операторлорунун ассоциациясынын жана Электр транспортун жана инфраструктурасын өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү.

Кеңешмеге ошондой эле мэриянын тиешелүү шаардык кызматтарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жер казуу иштерин жүргүзүүгө ордер берүү тартибин жөнөкөйлөтүү, кабелдик линияларды тартууну макулдашуу жана  интернетке жетүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле жеңил типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин берүү, электр кубаттоочу станцияларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү тартибине өзгөчө көңүл бурулду.

Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү бир катар көйгөйлүү маселелерди белгилешти. Алардын арасында жер казуу иштерин жүргүзүүгө ордерлерди тариздөө тартибин жөнөкөйлөтүү жана имараттар менен курулмалардын жер астындагы кабелдик киргизүү түйүндөрүнө жетүүнү камсыз кылган кабелдик линияларды тартуу механизмин иштеп чыгуу зарылдыгы бар.

Мындан тышкары, ижара келишимдерин түзүү жол-жоболорун өнүктүрүү, жер тилкелерин берүү шарттары жана электр кубаттоочу станцияларды жайгаштыруу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди мындан ары иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине бизнес өкүлдөрүнүн сунуштарын кеңири кароо боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.

Мэриянын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнө бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен биргеликте көтөрүлгөн маселелерди иштеп чыгуу, ошондой эле Бишкек шаарында инфраструктуралык объекттерди жайгаштыруунун колдонуудагы жол-жоболорун жана шарттарын өркүндөтүү боюнча конкреттүү сунуштарды даярдоо тапшырылды.