17-октябрда Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Рамиз Алиев менен Россия Федерациясынын Нижегород облусунун губернатору Глеб Никитиндин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коомдук транспортту өнүктүрүү, калкты транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана шаардык транспорттук инфраструктураны өркүндөтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Өзгөчө көңүл транспорт каражаттарынын курамын жаңылоого, заманбап жана экологиялык жактан таза транспорт түрлөрүн киргизүүгө, ошондой эле коомдук транспорттун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга бурулду.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Рамиз Алиев коомдук транспортту өнүктүрүү борбор калаа үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

«Бишкек үчүн коомдук транспортту өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Биз шаарыбыздын шарттарына ылайыкташтырууга мүмкүн болгон заманбап чечимдерди жана алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө кызыкдарбыз. Ошол эле учурда кызматташтык практикалык натыйжа берип, шаар тургундарын транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жөндөмдүү конкреттүү долбоорлорго айланышы биз үчүн маанилүү», — деп белгиледи Рамиз Алиев.

Тараптар Бишкектин инфраструктурасын, өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен шаардык транспорт тармагында колдонууга мүмкүн болгон заманбап ыкмалар жана технологиялык чечимдер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун алкагында мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестицияларды тартуу жана заманбап транспорттук чечимдерди киргизүү маселелери да талкууланды.