2026-жылдын 20-октябры быйылкы жылы шаардык фонтандардын иштөөсүнүн акыркы күнү болот. Сезон аяктагандан кийин адистер фонтан комплекстерин кыш мезгилине даярдоо иштерин башташат.
Ишкананын кызматкерлери фонтан бассейндериндеги сууну агызып, аларды тазалашат. Ошондой эле атайын техниканын жардамы менен электр насостору жана суу чачыратуучу түтүктөр демонтаждалып, жарык берүүчү чырактардагы калдыктар тазаланат.
Быйыл Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын түндүк жана борбордук бөлүктөрүндөгү, Жаштар аллеясындагы, Баатырлар аллеясындагы, «Аска-Таш» комплексиндеги, ошондой эле Улуттук тарых музейинин жанындагы фонтандагы иштер аяктады. Карагач токоюндагы иштер соңуна чыгып калды, ал эми Тарых музейинин жанындагы борбордук фонтанда реконструкция иштери башталды.
Мындан тышкары, «25 чөйчөк» фонтанынын долбоору боюнча сметалык документтер бекитүүгө жөнөтүлгөн.
Фонтандарды кышка даярдоо иштерин октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Андан соң жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлөт. Анын ичинде насосторду, электр кыймылдаткычтарын, суу түтүктөрүн жана электр калкандарын оңдоо, ошондой эле жапкыч арматураларды алмаштыруу каралган.
Белгилей кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында жалпы 17 фонтан комплекси бар.