2026-жылдын 12–18-октябрь күндөрү АКШнын Лас-Вегас шаарында 23 жашка чейинки спортчулар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү.
«Ак Илбирс» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин тарбиялануучусу жана Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөсү Догдурбек уулу Юхан 61 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медаль жеңип алды. Ал аталган дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасына жалгыз медаль алып келген балбан болду.
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти спортчуну мелдешке катышуу үчүн жөнөткөн.
Борбор калаанын мэриясы Юханды жогорку жетишкендиги менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайт!

