17-октябрда борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн «Семетей» ансамблинин жана кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.
Ачык асман алдында өткөн концертте Султан Каримов, Замира Мавлянова, Нуржигит Асанов, Эля Бегалиева, Марат Талантбеков, Акмаанай Эшбаева, Айбек уулу Атахан жана Съездбек Искеналиев өнөрлөрүн тартуулашты.
Кечеге өзгөчө көрк кошкон «Ала-Арча» кыргыз бийлери жана Айбек уулу Атахандын аткаруусундагы «Алтынчы күнү кечинде» чыгармасы көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
Эске салсак, мындай концерттик программалар ар жума жана ишемби күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлүп турат.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Сиздерди музыкалык кечелерибизден күтөбүз!



