2026-жылдын 19-октябрында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасындагы Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мэринин орун басары Рахат Мусаева жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Өмүркан Ашанбаева катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мэрдин орун басары социалдык өнүктүрүү системасынын кызматкерлерин жана профсоюз өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коом үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Анын айтымында, социалдык кызмат көрсөтүү чоң жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты, сезимталдыкты жана адамдарга чын дилинен жардам берүүгө умтулууну талап кылат. Социалдык кызматкерлердин күнүмдүк эмгегинин аркасында улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, балдар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр зарыл болгон жардамды, колдоону жана камкордукту алып келишет.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өмүркан Ашанбаева да катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылууда алардын ишмердүүлүгү маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында ак ниет эмгеги жана борбор калаанын социалдык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн социалдык өнүктүрүү тармагынын кызматкерлерине Бишкек шаарынын мэриясынын атынан ыраазычылык каттар жана ардак грамоталар тапшырылды.
Ошондой эле конокторго Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү тармагынын ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Маданий программа «Атанын тагдыры» спектакли менен уланды. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү тармагында 15 муниципалдык мекеме кирет. Аларда жалпы 691 кызматкер эмгектенет, алардын 108и социалдык кызматкерлер. Алар жалгыз жашаган пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга үйүнөн социалдык жардам көрсөтүшөт. Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдары бар үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо иштерин жүргүзүшөт.
Жыл сайын борбор калаанын 59 миңден ашуун тургуну жардамдын 20 түрү боюнча даректүү социалдык жардам алышат. Бул максаттарга шаардык бюджеттен 200 миллион сом бөлүнөт. Ал эми социалдык өнүктүрүү тармагын каржылоонун жалпы жылдык көлөмү 823,8 миллион сомдон ашат.















