Бишкек шаарынын райондук администрациялары социалдык кызматкерлерди жана профсоюз өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттукташты.
Свердлов районунда өткөн иш-чарада райондук муниципалдык администрация башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова жана Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаныбек Баргыбаев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Алар кызматкерлерге ак ниет эмгеги, жоопкерчилиги жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Иш-чаранын алкагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ардак грамоталар, ыраазычылык каттары жана белектер тапшырылды.
Биринчи май районунда да салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Райондук администрация башчысынын орун басары Чынара Жаныкеева кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле калктын социалдык жактан аярлуу катмарларын колдоодогу алардын маанилүү салымын белгиледи. Социалдык коргоо системасын өнүктүрүүгө жана калкка кызмат көрсөтүүгө өзгөчө салым кошкон кызматкерлерге эстелик белектер тапшырылды.
Октябрь райондук администрациясы Асанбай кичи районунда жайгашкан «Асман Парк» көңүл ачуу борборунда майрамдык иш-чара өткөрдү. Ага райондогу социалдык тейлөө мекемелеринин кызматкерлери жана Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери катышты.
Октябрь районунун башчысы Жолдош Чуштуков өз сөзүндө социалдык кызматкерлердин эмгегинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал социалдык кызматкерлер калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына жардам көрсөтүп, колдоо берип, алардын күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөрүн баса белгиледи. Ошондой эле катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик жана чың ден соолук каалады.
Ленин райондук администрациясы да социалдык коргоо тармагынын кызматкерлерин жана кесиптик бирликтердин өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ленин районунун башчысынын орун басары Нурсултан Бейшенбек уулу калктын социалдык жактан аярлуу катмарларын колдоодо социалдык чөйрөнүн кызматкерлери маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ал мээримдүүлүктүн, камкордуктун жана коомго ак ниет кызмат кылуунун өзгөчө маанисине токтолду.
Көп жылдык ак ниет эмгеги, кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткарганы жана коомдук турмушка активдүү катышканы үчүн бир катар кызматкерлерге Ленин райондук муниципалдык администрациясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды. Мындан тышкары, иш-чарага чакырылган бардык катышуучуларга эстелик белектер берилди.
Бишкек шаарынын мэриясы социалдык коргоо тармагынын кызматкерлерин жана профсоюз өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктайт! Аларга чың ден соолук, бакубат жашоо, ишине ийгилик жана коомдун жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайт.
Сиздердин мээримиңиздер, камкордугуңуздар жана кесибиңиздерге берилгендигиңиздер ар дайым жогору бааланып, элдин ыраазычылыгына татыктуу болсун!














