2026-жылдын 19-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүлүп жаткан «Акыл таймаш» интеллектуалдык сынагынын экинчи сезонунун жетинчи оюну өттү.

Оюнга төмөнкү окуу жайлардын атынан 12 команда катышты:

* И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
* Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
* К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
* Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы;
* И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
* К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
* И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту;
* С. Мамбеталиев атындагы Чүй университети;
* Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы;
* М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети;
* Кыргызстан эл аралык университети (Кувейт университети);
* Кыргыз ислам университети.

Иш чаранын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу катышты.

Канатбек Маматов өз сөзүндө Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеш уюштурган интеллектуалдык оюн студенттерди бириктирип, алардын бири-бири менен таанышып, пикир жана идея алмашуусуна шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле департамент жаштардын демилгелерин колдоого жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Катышуучуларды шыктандыруу максатында алдыда байге фондун көбөйтүү пландалып жатканын да кошумчалады.

Оюндун жыйынтыгында биринчи орунду К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин командасы ээледи. Экинчи орун Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин командасына, үчүнчү орун И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасына ыйгарылды.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери акчалай сыйлыктар, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Биринчи орунду алган командага кубок тапшырылды. Ошондой эле бардык катышуучулар активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттарына ээ болушту.