Бишкек шаарында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында ар бир райондо көмүр кампалары иштеп жатат. Тиешелүү кызматтар көмүрдүн жетиштүү көлөмдө болушун жана баалардын сакталышын көзөмөлдөөдө.

Ленин районунда калкты көмүр менен камсыздоого даяр 12 көмүр базасы иш алып барууда. Учурда базалардагы көмүрдүн жалпы запасы 7 миң тоннага жакынды түзөт. Бир тонна көмүрдүн баасы 7 000 сомду түзөт. Бүгүнкү күндө көмүр жетиштүү көлөмдө бар. Ошондой эле бааларга туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Биринчи май районунун аймагында көмүр саткан 8 туруктуу соода түйүнү иштейт. Учурда бир тонна көмүрдүн баасы 7 000 сомду, ал эми бир мүшөк көмүрдүн баасы 300 сомду түзөт. Соода түйүндөрүндө отундун жетиштүү запасы бар.

Свердлов районунда калкты катуу отун менен камсыздаган 9 көмүр базасы иш алып барууда. Учурда райондогу көмүрдүн жалпы запасы 6 084 тоннаны түзөт. Базаларда «Кара-Кече» жана «Шабыркүл» маркасындагы көмүр сатылууда. «Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми «Шабыркүл» көмүрүнүн бир тоннасы 7 800 сомдон сатылууда.

Октябрь районунда көмүр саткан 5 түйүн ачылган. Бардык көмүр базаларында «Кара-Кече» көмүрү бар. Анын бир тоннасынын баасы 7 000 сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө карата кампалардагы көмүрдүн жалпы запасы 2 349 тоннаны түзөт. Суук түшкөнгө чейин калкты жетиштүү көлөмдөгү отун менен камсыздоо максатында жакынкы күндөрү көмүрдүн кошумча көлөмүн жеткирүү пландалууда.

Көмүр базаларынын даректери менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://www.bishkek.gov.kg/ru/post/34474

Урматтуу шаар тургундары! Кышка алдын ала даярдануу убакытты жана каражатты үнөмдөөгө жардам берет. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы суук түшүп, көмүргө болгон суроо-талап жогорулаган учурда кезек күтүп, ашыкча түйшүк тартпоо үчүн көмүрдү алдын ала камдап алууну сунуштайт.