Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат.

2026-жылдын 20-октябрына карата станциянын орточо электр кубаттуулугу 160 МВтты түзөт. Электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 3,851 млн кВт/саатты, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү 2,4 миң гигакалорияны түздү.

ЖЭБде жалпысынан 15 казан агрегаты, кайчылаш байланышуу менен 7 турбоагрегат жана № 3, № 4 эки энергоблок орнотулган.

2026-жылдын 20-октябрына карата жабдуулардын абалы:

Иштеп жаткан жабдуулар: 3 отказан агрегаты, кайчылаш байланышкан 2 турбиналык агрегат №3 жана №4  энергоблок.
⠀
Оңдоо иштеринде: 3 казан агрегаты жана 3 турбоагрегат.

Резервде: 9 казан агрегаты жана 2 турбоагрегат.

20-октябрга карата ЖЭБдин кампасында 259,625 миң тонна көмүр бар.