«Тунгуч» театрынын залында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана шаардагы участкалык шайлоо комиссияларына уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын алгачкы жыйыны өттү.
Шаардык штабдын жыйыны Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиевдин жана муниципалитеттин аппарат жетекчиси Руслан Сапарбековдун төрагалыгы алдында өттү.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалынын, Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчилери, ошондой эле борбор калаанын райондук администрацияларынын, муниципалдык кызматтарынын жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Алдыдагы шайлоого карата шайлоо участкаларын даярдоо боюнча баяндамалар менен борбор калаанын райондук администрацияларынын жетекчилери чыгышты.
Жыйындын жыйынтыгында район башчыларына тиешелүү кызматтар менен биргеликте шайлоо участкаларын электр генераторлору, керектүү жабдуулар жана пандустар менен камсыз кылуу тапшырылды.
Штабдын негизги милдети — Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо өз убагында көмөк көрсөтүү.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.









