2026-жылдын 21-октябрынан тартып жол оңдоо иштерине байланыштуу Махатма Ганди көчөсүнүн (мурдагы Муромская көчөсү) № 4 шаардык ооруканадан Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Борбор калаанын мэриясы айдоочулардан жолго чыгуудан мурун каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдүү жолдорду тандоону жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.