2026-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарындагы №109 жалпы билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик, уңгу жолу» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында «Уңгуну унуткан эл — жолун жоготот» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — улуттук баалуулуктар аркылуу тарбиянын, билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын маанисин ачып көрсөтүү. Бул багыттар улуттук өзгөчөлүктү сактоого, элдин руханий мурасын кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган «Уңгулуу жолдун» маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын урматтоого, каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактоого, ошондой эле өсүп келе жаткан муунга ата-бабалардан калган руханий баалуулуктарды келечек муундарга өткөрүп берүү жоопкерчилигин сиңирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү окуучулардын улуттук аң-сезимин калыптандырууга, өз элинин тарыхына жана маданиятына болгон урмат-сыйын арттырууга, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө жана муундар ортосундагы уланмалуулукту сактоого өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин улуттук каада-салттары жана үрп-адаттары да көрсөтүлдү.