«Бишкек Парк» соода-көңүл ачуу борборунда «Коопсуз үй — дени сак келечек» ураанынын алдында «Коргошун жана анын ден соолукка тийгизген таасири» аттуу маалыматтык акция өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурулду.
Акциянын негизги максаты — калкка коргошундун зыяндуулугу, анын күнүмдүк турмушта кездешүүчү булактары жана коргошундан уулануунун алдын алуу чаралары тууралуу маалымат берүү. Ошондой эле экологиялык коопсуздукка жана ден соолукту сактоо маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу.
Мындай маалыматтык иш-чаралар калктын өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга жана оорулардын алдын алуу маданиятын жогорулатууга өбөлгө түзөт.





