Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Орто-Алыш» суу топтомундагы иштердин жүрүшү менен таанышып, аймакты мындан ары көрктөндүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал шаарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу муниципалитеттин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи.

Жер астындагы суулардын табигый жол менен толукталышын камсыз кылууга арналган № 12 көлдүн курулушу аяктады. Анын көлөмү болжол менен 110 миң куб метрди түзөт. Бул көл «Сад» тобундагы 29 скважинаны суу менен камсыз кылган жер астындагы суулардын запасын толуктоого багытталган. Ошондой эле көлмөнү суу менен толтуруу үчүн насостук станция ишке киргизилди.

Мэр «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана тармактык илимий институттар менен биргеликте суу топтомунун аймагын жашылдандыруунун илимий негизделген концепциясын иштеп чыгууну тапшырды. Концепция жагымдуу микроклиматты түзүүгө жана жасалма көлдөрдөгү суунун бууланышын азайтууга багытталышы керек.

«Суу топтомунун аймагы чыныгы оазиске айланышы керек. Объекттин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жашылдандырууга илимий негизделген ыкманы иштеп чыгуу зарыл», — деп баса белгиледи Айбек Джунушалиев.

Ошондой эле суу топтомунун аймагында жайгашкан капиталдык курулуш объектилерине өзгөчө көңүл бурулду. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга бул объектилердин мыйзамдуулугун текшерүүнү, колдо болгон документтерди изилдөөнү жана алардын колдонуудагы талаптарга шайкештигин аныктоону тапшырды.

«Шаар тургундарынын болжол менен 40 пайызы суу менен ушул булактан камсыздалат. Биздин башкы милдетибиз — аймактын коопсуздугун камсыз кылуу жана шаардыктарды ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо. Суу топтомунун ишине эч нерсе коркунуч жаратпашы керек», — деп белгиледи мэр.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга аймакты көрктөндүрүү иштерин улантуу, жашылдандыруу концепциясын даярдоо, суу топтомунун үзгүлтүксүз жана талаптагыдай иштешин камсыз кылуу, ошондой эле калк арасында ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу жана үнөмдөө боюнча чараларды иштеп чыгуу тапшырылды.