Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев № 55 мектептин кошумча корпусунун курулушу жана № 112 мектептин реконструкциялоо иштери менен таанышты.

№ 55 мектептин кошумча корпусу бир нөөмөттө 1 200 окуучуга ылайыкталган. Ал эми эки нөөмөттө 2 400 бала билим ала алат. № 112 мектеп бир нөөмөттө 1 260 окуучуга эсептелген.

Көчмө жыйындын  жүрүшүндө шаар башчысы окуу кабинеттерин жана мектептердин айланасын көрүп чыкты. Ал жашыл аймактардын санын көбөйтүп, узак жылдар бою өсө турган жалбырактуу бак-дарактарды отургузууну тапшырды.

Ошондой эле майыптыгы бар  адамдар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мэр алардын мектеп аймагында ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүсү үчүн бардык зарыл шарттарды эске алууну тапшырды.

Мындан тышкары, окуучулар үчүн психологиялык жактан жагымдуу чөйрө түзүү маселесин иштеп чыгып, мектепке психолог адисти тартуу тапшырылды. Бөлмөлөрдүн жарыктандыруусуна жана түстөрдүн айкалышына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Алар балдарга ашыкча күч келтирбеши жана кыжырданууну жаратпашы керек.

«Биз мектептерди балдар үчүн курууга тийишпиз. Бул жерге биздин балдарыбыз келет. Силер мектепти бир жылда куруп бүтөсүңөр, ал эми бала бул жерде 11 жыл билим алат», — деп белгиледи мэр.

Мындан тышкары, мэрдин тапшырмасы менен № 55 мектептин кошумча корпусунун жанында жайгашкан эски имараттын сырткы көрүнүшү иретке келтирилет. Ошондой эле имараттын ички абалын жакшыртуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Көчмө жыйындын  жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга жана подряддык уюмдарга бир катар тапшырмалар берилди.