Социалдык тармактарда Каралаев көчөсүндөгү жер тилкесинин сатылып жатканы тууралуу маалымат таралууда.
Бул маселеге байланыштуу борбор калаанын муниципалитети «Улук» ЖЧКсына ижара шартында убактылуу пайдаланууга эки жер тилкеси берилгенин маалымдайт. Белгилей кетсек, аталган жер тилкелери сатууга жатпайт.
Аянты 0,2291 гектар болгон жер тилкеси комиссиянын чечиминин негизинде берилген. Кийинчерээк, 2024-жылдын 26-февралында, аталган жер тилкесин пайдалануу укугу узартылган. Ал эми 2024-жылдын 15-мартында «Улук» ЖЧКсы менен жер тилкесин ижарага алуу келишими түзүлгөн. Жылдык ижара акысы 597 951 сомду түзөт.
Аянты 0,175 гектар болгон экинчи жер тилкеси Бишкек шаарында жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын 2016-жылдын 8-апрелиндеги чечиминин негизинде «Улук» ЖЧКсына 5 жылдык мөөнөткө берилген. Жер тилкеси Каралаев көчөсүндөгү учурдагы автоунаа токтотуучу жайды жана техникалык тейлөө станциясын (СТО) кеңейтүү максатында бөлүнгөн. Аталган чечимдин негизинде 2016-жылдын 20-майында жер тилкесин ижарага алуу келишими түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө «Улук» ЖЧКсына берилген жогорудагы жер тилкелерин пайдалануу укугун токтотуу маселеси муниципалитет тарабынан каралууда.
Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди сак болууга жана Каралаев көчөсүндөгү аталган жер тилкелерин сатуу тууралуу жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз. Анткени бул жер тилкелери «Улук» ЖЧКсына ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген жана сатууга жатпайт.