Борбор калаанын райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу боюнча иштер улантылууда.
Октябрь районундагы № 407 муниципалдык аймактык башкармалыктын аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу максатында № 232 жана № 172 контурларда рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Ошондой эле Анар-Бак конушундагы № 406 муниципалдык аймактык башкармалыктын аймагында № 154 контурда рейд жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу жана мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталган жок.
Свердлов районундагы Рассвет айылынын түндүк бөлүгүндө, № 304 муниципалдык аймактык башкармалыктын аймагында жайыт фондундагы жана айыл чарба багытындагы жерлерге рейд жүргүзүлдү.
Биринчи май районундагы «Үмүт» конушунун 23-көчөсүндө, № 61 турак үйдүн чыгыш тарабындагы бош жер тилкесинен көлөмү 8 × 4 метр болгон бетон конструкциясы (пайдубал) аныкталып, демонтаждалды.
Ленин районундагы № 107 муниципалдык аймактык башкармалыктын аймагындагы № 105, 106, 107 жана 166 контурларда рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталган жок.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 109 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Алар жер мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга, жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуунун алдын алууга жана уруксатсыз курулуштарга жол бербөөгө багытталган.
Бул багыттагы иштер улантылууда.


