Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жана Мамлекеттик комиссиянын корутундуларынын негизинде 2021-жылдын 1-декабрына чейин башаламан курулуштар орун алган жер тилкелеринин топторуна кирген жер тилкелерин пайдалануучуларына жана/же менчик ээлерине  маалымдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 15-пунктуна ылайык, коомчулукка маалымдоо иштери эч кандай курулуштары жок жер тилкелерин (бош жана курулуш жүргүзүлбөгөн жер тилкелерин) пайдалануучуларга жана/же менчик ээлерине карата жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча жер тилкелерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмеси таанышуу үчүн жарыяланды.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун “Лесхоз” айылында жайгашкан жер участоктордун ТИЗМЕСИ

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун № 378 контурда жайгашкан жер участоктордун ТИЗМЕСИ