Борбор калаадагы «Ала-Тоо» кинотеатрында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган «Жусуп» аттуу тарыхый-драмалык көркөм тасманын атайын жабык көрсөтүүсү өттү.

Маанилүү маданий иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу, Ленин районунун акими Тариел Айтиев, Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын, райондук администрациялардын аппараттарынын жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Жабык көрсөтүүгө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомчулук да чакырылды.

Тарыхый тасма Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын өмүр жолун жана бай мурасын даңазалоодо, жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ.