2026-жылдын 9-октябрынан тартып Биринчи май районундагы мектептерде окуучулардын ата-энелери менен жолугушуулар өткөрүлүп жатат.
Иш-чараларга Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын жетекчилиги, ички иштер, билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана өзгөчө кырдаалдар органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле психологиялык жана медициналык кызматтардын адистери катышууда.
Жолугушуулардын негизги максаты — балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, үй-бүлөлүк тарбиянын маанисин жогорулатуу жана ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө ата-энелерге балдардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө, бош убактысын туура уюштуруу, интернеттеги коопсуздугун камсыз кылуу жана мектеп менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы да түшүндүрүлүүдө.
Райондогу бардык мектептерде профилактикалык иш-чаралар 2026-жылдын 20-ноябрына чейин улантылат.


