Бишкектеги «Газпром - балдарга» дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексинде Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асановдун жаркын элесине арналган аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өттү.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген 400дөн ашык спортчу катышты.
Турнирди Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи жана Кыргыз Республикасынын Аскердик мушташ жана өзүн өзү коргоо федерациясы коомдук бирикмеси уюштурду.
Жалпы командалык эсептин жыйынтыгы боюнча:
1-орунду - генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи;
2-орунду - «Ак Барс Араши» спорт клубу;
3-орунду - Токмок шаарындагы «Скорпион» клубу ээледи.
Турнирдин жыйынтыгында тандоо баскычынан өткөн спортчулар 2026-жылдын ноябрь айында Москва шаарында өтө турган аскердик кармашып урушуу боюнча дүйнө биринчилигине жана чемпионатына катышып, Кыргызстандын намысын коргошот.



