Бишкек шаарындагы «Дельфин»Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин тарбиялануучулары Японияда өткөн Пара Азия оюндарынын алкагында паражеңил атлетика боюнча мелдештерге катышып, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча:
* Жүзбаева Гүлназ 1500 метр аралыкта 4-орунду ээледи;
* Камчыбеков Дастан 5000 метр аралыкта 5-орунду ээледи;
* Абдувалиев Жалалдин 5000 метр аралыкта 6-орунду ээледи.
Борбор калаанын мэриясы спортчуларды жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

