2026-жылга карата бекитилген титулдук тизмеге ылайык, Ленин райондук администрациясы Крупская көчөсү Кустанай көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуар курууну пландаган.

Курулуш иштерине даярдык көрүүнүн  алкагында райондук администрация Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана № 106 муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте объект ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле башкармалык тарабынан аталган аймакка инвентаризация жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө белгиленген чектерден чыгып, муниципалдык жер тилкелерин ээлеп турган объекттер жана тосмолор аныкталды.

Тротуар курула турган аймакка кирген 50гө жакын объекттин ээлерине жер тилкесин бошотуу зарылдыгы тууралуу эскертүүлөр берилди.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында муниципалдык менчиктеги 450 чарчы метрге жакын жер тилкеси бошотулууда. Бүгүнкү күнгө карата объект ээлеринин болжол менен жарымы тосмолорун өз ыктыяры менен алып салышты. Калган менчик ээлери менен түшүндүрүү иштери улантылууда.

Учурда Кустанай көчөсүнөн Заводская көчөсүн көздөй багытта бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Муниципалдык жер тилкелерин бошотуу иштери улантылууда.