Бишкек шаарынын Свердлов районунда мамлекеттик социалдык келишим программасын ишке ашыруу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Райондун тургундарынан жалпысынан 57 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 16 аз камсыз болгон үй-бүлөгө өз ишин баштоо үчүн 150 миң сомдон кайтарымсыз каражат бөлүнүп берилди. Ошондой эле комиссиянын акыркы жыйынында дагы 8 бизнес-долбоор жактырылды.
Эскерте кетсек, социалдык келишимдин негизинде мамлекеттик социалдык жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтомуна ылайык жүзөгө ашырылат.
Райондогу муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо иштери улантылууда.



