2026-жылдын 22-октябрында жалпы билим берүү уюмдарынын 7–11-класстарынын чыгармачылык жөндөмү бар окуучулары арасында «Дилгир» сынагынын шаардык этабы өткөрүлдү.

Сынактын шаардык этабына райондук этапта  I жана II орундарды ээлеген 8 мектептин окуучулары катышты. Катышуучулар көркөм окуу чеберчилигин, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана таланттарын көрсөтүштү.

Калыстар тобунун төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкери Кутмырза Жакыбалиев дайындалды. Калыстар тобунун курамына № 69 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Усупбай уулу Кенжегул жана № 64 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Дамирбек кызы Салтанат да кирди.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

- I орун— № 78 жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Каныбекова Розалина;
- II орун— № 103 жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Сүйүнбаева Назбийке;
- III орун— № 67 жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Бейшекеев Кадырлуу жана № 55 жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Автандилов Ариет.

«Дилгир» сынагынын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды, руханий мурастарды, маданий жана тарыхый салттарды жайылтуу, чыгармачыл окуучуларды колдоо жана шыктандыруу, ошондой эле алардын көркөм окуу чеберчилигин өнүктүрүү.

Мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муундун улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырууга, эне тилине болгон урмат-сыйын калыптандырууга, руханий мурастарды сактоого жана окуучулардын чыгармачылык дараметин ачууга өбөлгө түзөт.

Борбор калаанын мэриясы сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап, бардык катышуучуларга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайт!