Бишкек шаарындагы А. Токомбаев атындагы № 24 мектепте «Чет өлкөдөгү орус мугалими» эл аралык гуманитардык долбоорунун алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Инженердик класстар РУЗР» пилоттук долбоорунун расмий ачылышы болуп өттү.

Долбоор инженердик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө, окуучулардын табигый-илимий сабактарга болгон кызыгуусун арттырууга жана заманбап жогорку технологиялуу тармактардын талаптарын эске алуу менен кесипке багыт берүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Иш-чаранын алкагында 11-класстын окуучулары үчүн Бишкек шаарындагы Россия Илимдер академиясынын (РИА) Илимий станциясынын жаш окумуштуулары менен кесипке багыт берүүчү жолугушуу уюштурулду.

Долбоордун ачылышына Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана усулдук коштоо бөлүмүнүн башчысы Гулмира Акматова катышты. Ал өзүнүн куттуктоо сөзүндө инженердик багытты өнүктүрүү борбор калаанын билим берүү тармагын өркүндөтүүдөгү жана окуучулардын келечектеги кесибин аң-сезимдүү тандоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаш окумуштуулар окуучуларды заманбап илимий изилдөөлөр менен тааныштырып, физика, математика жана география сабактарынан алган билимдердин космостук геодезия жана геофизика тармактарында практикалык колдонулушу тууралуу айтып беришти. Ошондой эле илимий чөйрөдө кесиптик жактан калыптануу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Окуучулардын алдында Россия Илимдер академиясынын Илимий станциясынын изилдөө лабораторияларынын жаш адистери Екатерина Лазарева, Екатерина Воронцова, Юлия Саламатина, Денис Коломейцев, Артём Валуйский жана Анук Юнусов сөз сүйлөштү.

Белгилей кетсек, борбор калаанын мектептеринде инженердик-техникалык багытты өнүктүрүү мектептик билим берүү менен заманбап илимдин байланышын бекемдөөгө, окуучулардын изилдөөчүлүк компетенцияларын калыптандырууга жана келечектеги адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

«Инженердик класстар РУЗР» долбоорун ишке ашыруу инженердик-техникалык сабактарды тереңдетип окууга, илимий ишмердүүлүк менен таанышууга жана келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.