19–20-октябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн туруктуу шаарларды өнүктүрүү маселелери боюнча Экинчи аймактык диалогдун алкагында Бишкек шаары Туруктуу шаарлар үчүн Борбор Азия коалициясынын курамына кошулду.
Бишкек менен катар коалицияга Кыргыз Республикасынан Манас, Тажикстандан Исфара, Өзбекстандан Фергана жана Кокон шаарлары да кошулду. Алар коалициянын негиздөөчүлөрү болгон Петропавл, Ош, Душанбе, Ашхабад жана Наманган шаарларына кошулуп, бирикменин курамын кеңейтишти.
Бишкек шаарынын мэриясынын Өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Давлетбек Түгөлбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Өзгөчө кырдаалдарга жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга көмөктөшүү борбору тарабынан демилгеленген Туруктуу өнүгүү үчүн Борбор Азия шаарларынын коалициясынын түзүлүшүн Бишкек шаары толук колдой турганын белгиледи.
Коалиция шаарларга тажрыйба алмашууга жана суу ташкындарына, жер титирөөлөргө жана башка кооптуу жаратылыш кубулуштарына даярдыкты жогорулатуу боюнча практикалык чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле бирикме шаарларды узак мөөнөттүү өнүктүрүүнү пландаштырууда климаттык тобокелдиктерди эске алууга көмөктөшөт.



