Бүгүн, 23-октябрда жана эртең, 2026-жылдын 24-октябрында саат 17:00дөн 18:00гө чейин Панфилов атындагы парктын амфитеатрында шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн концерттик программалар өтөт.
Бүгүн көрүүчүлөргө кыргыз эстрада жылдыздары чыгармаларын тартуулашат. Ал эми эртең Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестринин концерти болот.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы ар жума жана ишемби күндөрү артисттердин, элдик аткаруучулардын өнөрүн тартуулаган концерттерди жана түрдүү маданий программаларды уюштуруп келет.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору!
Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди күзгү кечтерди жагымдуу маанайда өткөрүүгө чакырат. Үй-бүлөңүздөр, досторуңуздар жана жакындарыңыздар менен бирге келип, концерттик программалардан ырахат алыңыздар!
Сиздерди бүгүн эле Панфилов атындагы парктын жаңы амфитеатрында күтөбүз!