23-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов эл аралык мелдештерде жогорку жыйынтыктарга жетишкен спортчулар Амина Айбек кызы менен Уултай Жекшенбекованы ыраазычылык каттары менен сыйлады.

Амина Айбек кызы 28-июлдан 1-августка чейин Малайзиянын Путражая шаарында өткөн GAMMA уюмунун ММА боюнча Азия чемпионатында алтын медаль жеңип алган. Спортчу 18 жашка чейинкилер (U18) арасында 56 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалдык беттеште Таиланддын өкүлүн жеңген.

Ал эми Уултай Жекшенбекова 2025-жылдын 1–4-ноябрында Грециянын Лутраки шаарында өткөн UWW уюмунун грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында ийгиликтүү оюн көрсөткөн. Ал 15 жашка чейинкилер (U15) арасында 40 килограммга чейинки салмак ченинде Gi бөлүгүндө күмүш, ал эми NoGi бөлүгүндө коло медаль тагынган.

Канатбек Маматов спортчуларды жетишкендиктери менен куттуктап, алардын ийгиликтери Кыргызстанда спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошуп, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн бекемдеп жатканын белгиледи. Ошондой эле спортчуларга мындан аркы мелдештерде жаңы жеңиштерди жана ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде спортчулар жана алардын машыктыруучусу көрсөтүлүп жаткан туруктуу колдоо үчүн департаментке ыраазычылык билдиришти.