Бүгүн, 23-октябрда, Панфилов атындагы парктын амфитеатрында кыргыз  эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Абидин Темиров менен Каныкей Раймалиева, Кыргыз Республикасынын эл артисти Динара Акулова, ошондой эле маданияттын мыктылары Фарида Өмүрзакова жана Жылдыз Тутуева чыгармаларын тартуулашты.

Концерттин жүрүшүндө кыргыз эстрадасынын белгилүү «Өзгөчөм», «Ак халат», «Сулуу кыз», «Махабат ырда барбы», «Жылдар өтсүн арадан», «Кыргызым», «Алча гүлү», «Махабат маралы» жана «Ак чардак» аттуу ырлары жаңырды.

Эскерте кетсек, эртең, 24-октябрда, саат 17:00дөн 18:00гө чейин Панфилов атындагы парктын амфитеатрында дагы бир концерттик программа өтөт. Анда Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестри шаар тургундарына жана конокторуна музыкалык чыгармаларды тартуулайт.