Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесине ылайык жана кызматтык зарылчылыкка байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Жанболотов Абдыжапаркул Мукашовичке департаменттин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине караштуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору болуп Омурзаков Артур Туратбекович дайындалды.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын директору болуп Капаров Талантбек Ташиевич дайындалды. Буга чейин ал «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору кызматынан бошотулган.

Ошону менен бирге, ага карата мындан аркы кадрдык чечимдерди кабыл алуу маселесин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен белгиленген тартипте кароо тапшырылды.