Чыгыш Чоң Чүй каналында 7-Апрель көчөсүнөн Мавлянов көчөсүнө чейинки тилкени тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Каналдын нугу жыл сайын жаз жана күз мезгилдеринде таштандылардан жана камыштардан тазаланат. Бул жолку иштердин алкагында узундугу 700 погондук метрди түзгөн тилке тазаланды.
Иштер каналдар менен дарыялардын тазалыгын сактоо, ошондой эле сугат суусунун үзгүлтүксүз жана сапаттуу берилишин камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарынын аймагындагы коллектордук тармактарды жана каналдарды тазалоонун жалпы көлөмү 322 чакырымды түздү.
Тазалоо иштери жыл аягына чейин улантылат.





