Октябрь районунда муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйынга Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Гүлнур Дорбошова жана Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Шербаева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө балдарды сапаттуу жана коопсуз тамак-аш менен камсыз кылуу, ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө, ошондой эле бала бакчаларды күз-кыш мезгилине даярдоо маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып бирдиктүү тамак-аш менюсун киргизүү маселесине бурулду. Аталган меню Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен макулдашылып, Октябрь райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан бекитилген.

Ошондой эле бала бакчалардын жетекчилерине ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга жол берилбестиги эскертилди. Мыйзам талаптарын, кызматтык этика нормаларын так сактоо жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы, жылытуу системаларынын абалы жана балдар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында жетекчилерге коюлган тапшырмаларды өз убагында аткаруу, белгиленген талаптарды так сактоо, тарбиялануучулардын ден соолугуна жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.