23-октябрда «Манас» эл аралык аэропортунда Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин «Жеңиш» администрациясы ата-энелер менен биргеликте шотокан каратэ-до боюнча дүйнө чемпионатына катышып, ийгиликтүү жыйынтык көрсөткөн жаш спортчуларды тосуп алды. Спортчуларды жеңиштери менен куттуктап, эл аралык аренада Кыргызстандын намысын татыктуу коргогондугу үчүн ыраазычылык билдиришти.

2026-жылдын 15–18-октябрь күндөрү Италиянын Линьяно-Саббьядоро шаарында Шотокан каратэ-до боюнча дүйнөлүк SKDUN федерациясынын 33-дүйнө чемпионаты өттү. Мелдешке дүйнөнүн 27 өлкөсүнөн 1 067 спортчу катышты.

«Жеңиш» спорт мектебинин тарбиялануучулары жогорку даярдыгын көрсөтүп, жалпы 18 медаль - 3 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңип алышты.

Алтын медалдар:
* Матвей Стасевич - 10–11 жаштагылар арасында, 40 кг чейинки салмак категориясында;
* Тагай Жолочиев - 12–13 жаштагылар арасында, 45 кг чейинки салмак категориясында;
* Амантай Абдимиталипов, Амирхан Валиев жана Эмир Алмазбеков - 12–15 жаштагы өспүрүмдөр арасында, 57 кг чейинки салмак категориясында командалык беттеште.

Күмүш медалдар:
* Ринат Сагынбеков - 10–11 жаштагылар арасында, 34 кг чейинки салмак категориясында;
* Арууке Эргашева - 14–15 жаштагылар арасында, 55 кгдан жогору салмак категориясында;
* Жанылмырза Корчубекова - 18–20 жаштагылар арасында, 58 кгдан жогору салмак категориясында;
* Дильшат Мамметов - 18–20 жаштагылар арасында, 78 кгдан жогору салмак категориясында.

Коло медалдар:
* Актан Темирбеков - 10–11 жаштагылар арасында, 40 кг чейинки салмак категориясында;
* Алинур Амираев - 10–11 жаштагылар арасында, 34 кг чейинки салмак категориясында;
* Матвей Палагин - 10–11 жаштагылар арасында, 40 кгдан жогору салмак категориясында;
* Умар Абдурасулов - 12–13 жаштагылар арасында, 45 кг чейинки салмак категориясында;
* Адинай Майрамбекова - 12–13 жаштагылар арасында, 45 кг чейинки салмак категориясында;
* Камила Калыбекова - 12–13 жаштагылар арасында, 45 кг чейинки салмак категориясында;
* Азиз Муратов - 14–15 жаштагылар арасында, 55 кг чейинки салмак категориясында;
* Нуртилек Саидов - 16–17 жаштагылар арасында, 60 кг чейинки салмак категориясында;
* Бакытбек Джузмалиев - 18–20 жаштагылар арасында, 70 кг чейинки салмак категориясында;
* Самуил Койчубеков - 18–20 жаштагылар арасында, 70 кг чейинки салмак категориясында;
* Абдибек Апсатаров - 21 жаштан жогоркулар арасында, 70 кг чейинки салмак категориясында.

Борбор калаанын мэриясы спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт!