24-октябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин шахмат боюнча кубогунун экинчи этабы - Бишкек шаарынын мэринин кубогу өтүүдө.
Мелдешке кубоктун биринчи этабында борбор калаанын төрт районунун акимдеринин кубогунун жыйынтыгы боюнча тандоодон өткөн 168 жаш шахматчы катышууда.
Турнирдин ачылышына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева жана Кыргыз Республикасынын Шахмат союзунун президенти Аида Салянова катышты.
Рахат Мусаева өз сөзүндө шаардык этаптын жыйынтыгы боюнча эң күчтүү жаш шахматчылар аныкталып, алар Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогунун финалында Бишкек шаарынын намысын коргой турганын белгиледи.
«Шахмат балдарды тактыкка, сабырдуулукка, тартипке жана өз аракеттерин бир нече кадам алдыга эсептей билүүгө үйрөтөт. Мындай мелдештер логикалык жана стратегиялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүп, туура чечимдерди тез кабыл алууга көмөктөшөт. Балдарына колдоо көрсөтүп, шаардын спорттук жашоосуна активдүү катышып жаткан ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Калыстарга калыс баа берүүнү, ал эми бардык катышуучуларга ийгилик жана жеңиш каалайм!» - деди мэрдин орун басары.
Шахмат союзунун президенти Аида Салянова мындай турнирлерди өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы мезгилде шахматты өнүктүрүүгө көп көңүл бурулуп жатканын айтты. Ошондой эле мелдешти уюштурууга кошкон салымы жана катышуучуларга көрсөткөн колдоосу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирди.
Мелдештер 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында жети курактык категорияда өткөрүлүүдө. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери дипломдор, медалдар жана кубоктор менен сыйланышат.
Шаардык этаптын уюштуруучусу - Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.










