Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Элден Калчакеев, аталган бөлүмдүн эксперти Акынбек Керимбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрага орун басарлары Гүлнара Баатырова жана Улукбек Карыбек уулу, ошондой эле комитеттин мүчөлөрү Айгүл Ахмедова, Эдита Тайгараева, Жылдыз Эгенбердиева жана Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышты.

Рахат Мусаева Фонддун жамаатын 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле ал Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин куттуктоосун жеткирип, Фонддун төрагасы Азамат Мукановго Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын жана эстелик статуэткасын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Фонддун жамаатын маанилүү мааракеси менен куттуктап, анын милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өнүктүрүүдөгү, саламаттык сактоо тармагынын финансылык туруктуулугун камсыздоодогу жана Кыргыз Республикасынын калкы үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуудагы ролун белгилешти.