Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Республикалык «Кыргыз тили» коомунун түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышты.
Салтанаттын расмий бөлүгүн Республикалык «Кыргыз тили» коомунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Райымжан Курбанов ачты. Иш-чаранын жүрүшүндө ардактуу коноктор коомду 35 жылдык мааракеси менен куттуктап, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилешти.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева да «Кыргыз тили» коомун 35 жылдык мааракеси менен куттуктап, коомдун төрагасы Райымжан Курбановго мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы үчүн терең урмат-сыйын билдирди.
Андан соң Рахат Мусаева Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин атынан жолдонгон куттуктоону окуп берди. Анда кыргыз тили — элдин тарыхын, маданиятын, дүйнө таанымын жана улуттук өзгөчөлүгүн муундан муунга өткөрүп келген баа жеткис руханий мурас экени белгиленген.
Ошондой эле куттуктоодо «Кыргыз тили» коомунун мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдөөгө, анын колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүүгө, тил маданиятын жогорулатууга жана калктын эне тилине болгон кызыгуусун арттырууга кошкон салымы баса белгиленген. Коомдун 35 жылдык тарыхый жолу эне тилге берилгендик менен кызмат кылуунун, мекенчилдиктин жана коомдук жоопкерчиликтин үлгүсү катары бааланган.
Куттуктоо сөзүнөн кийин Рахат Мусаева Бишкек шаарынын мэриясынын атынан коомдун төрагасы Райымжан Курбановго баалуу кол саат тапшырды.
Иш-чаранын соңунда оркестрдин жана ырчылардын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.












