2026-жылдын 24-октябрында «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү.

Жыйынга райондук жыйындарда шайланган 500 өкүлдүн 459у катышты. Натыйжада жыйындын кворуму камсыздалды.

Жыйынды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев ачты. Иш-чарага ошондой эле төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков жана Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катышты.

Жыйындын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына борбор калаадан катыша турган 72 делегат шайланды. Элдик курултай 2026-жылдын 18-декабрында өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлдү.