2026-жылдын 24-октябрында “Кара жыгач токою” сейил багында майыптыгы бар адамдардын катышуусунда бак-дарак отургузуу боюнча ири экологиялык акция өттү. Иш-чара «Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY» аттуу жалпы улуттук күзгү экологиялык фестивалдын алкагында уюштурулду.
Бак-дарак отургузуу акциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова катышты.
Акциянын жүрүшүндө 15 миң түп карагач көчөтү отургузулду. Көчөттөрдүн жерге жакшы тамыр алышын камсыз кылуу максатында сууга аралаштырылган биогумус колдонулду.
Иш-чара «Жашыл Дем» экологиялык кыймылы тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен уюштурулду. Акциянын негизги максаты — экологиялык маданиятты өнүктүрүү, жашыл аймактарды сактоо жана борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу.
Мындан тышкары, Бишкек шаарында күзгү көчөт отургузуу өнөктүгүнүн алкагында эмен, каштан, катальпа жана чынар сыяктуу дарактардын 334 көчөтү отургузулду.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар сейил бактын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен да таанышышты. Аталган иштер шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап, ыңгайлуу эс алуу аймагын түзүүгө багытталган.
Долбоордо Комсомол жана Пионер көлдөрүн реконструкциялоо, пирс куруу жана сууда спорт менен машыгууга, анын ичинде байдарка тебүүгө шарт түзүү каралган. Учурда суу объектилеринде бетон негизин даярдоо жана гидроизоляциялык мембрананы төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары, долбоордун алкагында жарыктандыруу системасы менен жабдылган тротуарларды жана чуркоо жолдорун куруу, футбол жана баскетбол аянтчаларын, балдар жана спорттук аянтчаларды уюштуруу, ошондой эле унаа токтотуучу жайларды түзүү пландалган.
Ошондой эле сейил бактын аймагында амфитеатрды жабдуу жана фонтанды реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
















