Бүгүн, 24-октябрда, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу үйлөмө аспаптар оркестри И.В. Панфилов атындагы парктын амфитеатрында концерттик программа тартуулады.
Оркестрдин аткаруусунда Калый Молдобасановдун «Майрамдык увертюрасы», кыргыздын «Кара жорго» бий күүсү, кыргыз ырларынан түзүлгөн попурри, ошондой эле «Кыргызстан» жана «Бишкегим» марштары жаңырды.
Мындан тышкары, көрүүчүлөргө Леонид Гайдайдын тасмаларына жазылган музыкалардын негизинде түзүлгөн парафраз, Gipsy Kings тобунун «Bamboleo», Leonid Friends тобунун «In the Stone», ABBA тобунун чыгармаларынын негизинде түзүлгөн «ABBA Gold» композициялары, Майкл Жексондун ырларынан турган попурри жана Бруно Марстын «Uptown Funk» чыгармасы тартууланды. Концерттик программанын алкагында «Музыкалык каламбур» чыгармасы да аткарылды.
Белгилей кетсек, Панфилов атындагы парктын амфитеатрында музыкалык кечелер жума жана ишемби күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин жума сайын өткөрүлүп турат.






