2026-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу боюнча биргелешкен экологиялык акция өткөрүлдү. Аталган аймакка 50 түп эмен көчөтү отургузулду.

Ошондой эле биргелешкен экологиялык демилгенин алкагында 12-кичи райондо дагы 50 түп эмен көчөтү тигилди. Көчөттөрдү өнөктөштөр — Mastercard компаниясы, «Элдик Банк» ААКсы жана Beeline Кыргызстан мобилдик оператору камсыздады.

Жалпысынан күзгү көчөт отургузуу өнөктүгүнүн алкагында борбор калаанын аймагына эмен, каштан, катальпа жана чынар дарактарынын 334 көчөтү отургузулду.

Шаардын аймагын көрктөндүрүү жана тургундар үчүн эс алуу жайын түзүү максатында Саманчин көчөсүндө сквер уюштуруу пландалууда. Аймакты даярдоо иштеринин алкагында буга чейин 17 соода түйүнү алынган.

Мындан тышкары, жалпы узундугу 260 метрди түзгөн тротуарды куруу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда асфальт төшөөгө даярдык көрүлүп жатат.

Иштин жүрүшү менен жеринде таанышкан Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев райондук администрациянын башчысына тротуардын өтүүчү жолунда жайгашкан объекттин ээси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жөө адамдардын  түз өтүүсүн камсыз кылуу максатында объекттин бир бөлүгүн демонтаждоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды.