Майыптыгы бар адамдар үчүн «Аяр» реабилитациялык борборунун кызматтарын алуучулар Эл аралык майыптыгы бар адамдар күнүнө арналган шаардык шахмат жана шашка боюнча спартакиадага катышты.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулду.

Катышуучулар өздөрүнүн интеллектуалдык жөндөмдөрүн, логикалык ой жүгүртүүсүн, кунт коюп көңүл буруусун жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү. Мелдештер өздөрүн сынап көрүүгө, жаңы тажрыйба топтоого жана башка катышуучулар менен достук жана спорттук биримдик атмосферасында баарлашууга сонун мүмкүнчүлүк түздү.

Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлеген катышуучулар дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышты.

Мындай иш-чараларга катышуу майыптыгы бар адамдардын коомго аралашуусуна, инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө жана шаар турмушуна активдүү катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.