«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы «Эмен» паркынын жана «Өкмөттүк» скверинин аймагында жаңы сугат скважинасын куруу иштерин жүргүзүүдө.
Скважинанын тереңдиги 120 метрди түзөт, ал эми саатына 120 куб метрге чейин суу берүүгө жөндөмдүү. Мындай көлөмдөгү суу аталган аймактарда сугат иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө жетиштүү болот.
Жаңы суу булагы 15 гектарга чейинки аймакты сугарууга мүмкүндүк берип, жашыл бак-дарактарды жана өсүмдүктөрдү талаптагыдай күтүү үчүн кошумча шарттарды түзөт.
Скважинаны пайдаланууга берүү сугат суусу менен камсыздоону жакшыртып, борбор калаанын жашыл инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Бул иштер Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана шаарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан туруктуу иш-чаралардын алкагында ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин дагы эки скважинаны бургулоо пландалууда. Бул ирригациялык системанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, сугаруу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга жана борбор калаанын жашыл аймактарын талаптагыдай күтүүгө шарт түзөт.


