Бишкек шаарынын бирдиктүү дизайн-кодунун талаптарын сактоо максатында борбор калаанын мэриясы тарабынан имараттардын фасаддарын оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Атап айтканда, төмөнкү даректерде жайгашкан имараттардын фасаддары оңдолду:
* Чүй проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
* Жибек Жолу проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин;
* Ч. Айтматов проспектиси боюнча Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;
* Ж. Абдрахманов көчөсү боюнча Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 13-октябрындагы № 353-т тескемесине ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн даректердеги имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынат.
Борбор калаанын мэриясы фасаддары бюджеттик каражаттардын эсебинен оңдолгон имараттардагы турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлерин, ошондой эле пайдалануучуларын аткарылган иштердин натыйжаларына аяр мамиле жасап, имараттардын тышкы көрүнүшүн талаптагыдай сактоого чакырат.
Тактап айтканда, фасаддардын түсүн, архитектуралык жана көлөмдүк-мейкиндик чечимдерин өз алдынча өзгөртүүдөн, анын ичинде сырдоосун жана каптамасын алмаштыруудан, кире бериш топторун орнотуудан, балкондорду айнектөөдөн жана кайра жабдуудан, кондиционерлерди, көрнөктөрдү, маалыматтык, жарнамалык жана башка конструкцияларды жайгаштыруудан кармануу зарыл.
Бишкек шаарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын фасаддарына өзгөртүүлөр Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерине жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптарга» ылайык, белгиленген тартипте гана жүргүзүлүүгө тийиш.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107 жана 434-беренелерине ылайык, тышкы жарнаманы белгиленген эрежелерди бузуу менен жайгаштыргандыгы, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимин, көрсөтмөсүн, тескемесин же талабын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертебиз.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы имараттардын жана курулмалардын фасаддарын белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча иштерди улантууда.