Бишкек шаарынын мэриясы Швейцариянын BPC AG компаниясы тарабынан Түштүк Африканын Кейптаун шаарында уюштурулган жыл сайын өтүүчү O-CITY Conference 2026: Next is ONE эл аралык конференциясынын алкагында «Накталай эмес шаар» номинациясы боюнча сыйлыкка ээ болду.

Сыйлык борбор калаанын коомдук транспортунда төлөмдөрдү санариптештирүү жана жол кирени накталай эмес төлөө системасына өткөрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн ыйгарылды.

2026-жылдын 19–21-октябрында Кейптаун шаарында өткөн конференцияга муниципалитеттердин, транспорт тармагындагы мекемелердин, коомдук транспорт операторлорунун, технологиялык компаниялардын өкүлдөрү жана шаардык мобилдүүлүк жаатындагы эл аралык эксперттер катышты. Иш-чарага Түндүк жана Түштүк Америкадан, Европадан, Африкадан, Азиядан жана КМШ өлкөлөрүнөн делегациялар келишти.

Конференцияда Бишкек шаарын мэрдин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле «Тулпар» долбоорунун өкүлдөрү Бекжан Акматбеков жана Каныбек Таалайбек уулу өкүлчүлүк кылышты.

Бул сыйлык Бишкекте коомдук транспорттогу санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин эл аралык деңгээлде таанылышы болуп саналат.

«Тулпар» системасынын киргизилиши жүргүнчүлөргө жол кирени ар кандай накталай эмес ыкмалар менен төлөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Алардын катарына транспорттук карталар, банктык карталар, QR-коддор жана контактсыз төлөм технологиялары кирет.

Жол кирени накталай эмес төлөө системасына өтүү шаардык транспорт системасын санариптик трансформациялоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга, жүргүнчүлөрдүн агымы боюнча санариптик статистиканы түзүүгө жана коомдук транспортту башкаруунун заманбап инструменттерин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Маалымат үчүн: O-CITY — Швейцариянын BPC AG компаниясынын коомдук транспортту санариптештирүүгө, жол кире төлөмдөрүн башкарууга жана «акылдуу шаар» (Smart City) концепциясынын алкагында технологиялык чечимдерди киргизүүгө багытталган глобалдык платформасы. Учурда платформа дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө сунушталган.

Платформа транспорттук жана банктык карталарды, QR-коддорду жана мобилдик тиркемелерди камтыган ар кандай төлөм ыкмаларын бириктирет. Бул төлөмдөрдү чогултуу процессин автоматташтырууга, финансылык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана жүргүнчүлөрдүн агымын талдоого мүмкүндүк берет.

O-CITY эл аралык конференциясы жыл сайын компаниянын кардарларын жана өнөктөштөрүн, муниципалитеттердин, транспорт операторлорунун жана технологиялык тармактын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултат.