Бишкек шаарындагы К. Токаев атындагы № 33 мектепте заманбап билим берүү талаптарына ылайык жабдылган информатика жана химия кабинеттеринин ачылыш аземи өттү. Жаңы жабдууларды Казакстан тарап белекке берди.

Жаңы кабинеттер билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын окуу предметтерин өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана окуу процессине заманбап билим берүү технологияларын киргизүү максатында түзүлдү.

Информатика кабинети окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, заманбап маалыматтык технологияларды өздөштүрүүгө жана келечектеги билим алуусу үчүн зарыл болгон билимдерди алууга шарт түзөт.

Ал эми химия кабинетинин заманбап жабдуулар менен камсыздалышы окуучуларга табигый илимдерди тереңирээк үйрөнүүгө, практикалык иштерди жүргүзүүгө жана теориялык билимдерин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы жабдуулардын берилиши мектептин билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муундун сапаттуу билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кошулган маанилүү салым болуп саналат.