«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул чара таштандыларды чыгаруу иштерин оптималдаштырууга жана жол кыймылына түшкөн жүктү азайтууга багытталган.

Унаа кыймылы төмөндөгөн кечки убакта таштандыларды чыгаруу жол тыгындарынын пайда болуу ыктымалдыгын азайтып, таштанды ташуучу техникалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын бул сунушту эске алууга чакырат. Бул коммуналдык кызматтардын үзгүлтүксүз иштешине көмөк көрсөтүп, борбор калаанын көчөлөрүндөгү жол кыймылына түшкөн жүктү азайтууга шарт түзөт.